Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Зилалиев жетектеген комитеттин иши сындалды


Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине коррупцияны жоюу багытында планды аткаруу боюнча бир ай мөөнөт берилди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков билдирди. Анын айтымында, буга чейинки иштерди аткарууда салкын мамиле кылган мекеменин жетекчилерине эскертүү берилди.

- Ошол мекемедеги коррупцияны жоюу боюнча план иштелип чыгып, Коргоо кеңешинде бекитилген. Анда иш-чаранын баары жазылып, мөөнөтү белгиленген. Аны аткаруу боюнча башка мекемелер менен маалымат алышып, кызматташып иштешкен эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорлорун, нормативдик актыларды иштеп чыгуу багытында дагы иштер жүргөн эмес. Бул катуураак киришсе боло турган нерсе. Ага салкын мамиле жасашкан. Мындан улам коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жумушту жетишсиз деп белгиледик.

Буга чейин Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетиндеги коррупцияга каршы күрөшүү иштерине мониторинг жүргүзүлгөн. Анда белгиленген пландын теңинен көбү аткарылбаганы аныкталган. Буга байланыштуу комитеттин статс-катчы Айбек Асановго эскертүү берилди.(КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG