Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Өмүрбек Текебаевдин соту уланууда


Ушул тапта Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн соттук териштирүү жүрүп жатат. Процесcти видео тасмага тартууга тыюу салынган.

Иштин жүрүшүндө Текебаевдин адвокаты аны айыптап жаткан прокурорлордун ишинин мыйзамдуулугун аныктоо өтүнүчү менен сотко кайрылган. Адвокаттар прокурорлордун бири Абышев мурдагы президент Бакиевдин тушунда элге каршы иштеген деген жүйө менен аны соттук териштирүүдөн четтетүү өтүнүчүн сотко келтиришти. Бул тууралуу "Ата Мекен" партиясынын штаб кызматкери Жакшылык Бердибеков "Азаттык" үналгысына билдирди.

Сот бул өтүнүчтү четке какты. Соттук териштирүү уланууда.

Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу коррупцияга шектелип, февралдын этегинде абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Эки саясатчы тең коюлган айыптарды четке кагып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG