Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:08

Жол кырсыгынан жабыркаган төрт киши реанимацияда


Сузак районундагы кырсык. 13-июнь, 2017-жыл.
Сузак районундагы кырсык. 13-июнь, 2017-жыл.

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан беш адам жабыркады. Учурда алардын төртөө Жайыл райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатышканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Азаттыкка” билдирди. Жабыркаган бешинчи баланын акыбалы туруктуу. Анын дарылануусу боюнча чечим кабыл алуу максатында Бишкектен педиатр-врачтар Жайыл ооруканасына сапар тартышты.

Жол кырсыгы 20-июнда эртең менен болгон. Жабыркагандар Суусамыр райондук тез жардам кызматы менен Жайыл районунун бейтапканасына алынып келинген. (BCh)

XS
SM
MD
LG