Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Текебаевдин адвокаттары сотко ишенбөөчүлүк билдиришти


Айбек Эрнис уулу
Айбек Эрнис уулу

Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов "Азаттык" үналгысына билдирди:

-Адвокаттар буга чейин бир нече жолу сотко түрдүү өтүнүчтөр менен кайрылышкан. Судья Эрнис уулу Айбек анын бирин да аткарбай, баарын четке кагып келди. Ошондуктан, биз соттун өзүнө ишенбөөчүлүк билдирдик.

Учурда сот адвокаттардын ишенбөөчүлүк билдиргени боюнча өтүнүчүн кароо үчүн кеңешүүгө кетти.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу карап жатат.

Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу коррупцияга шектелип, февралдын этегинде абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Эки саясатчы тең коюлган айыптарды четке кагып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG