Дональд Трамп бул тууралуу Түндүк Корея түрмөсүнөн чыгарылган америкалык студенттин өлүмүнөн кийин айтты.
Ал белгилегендей, Отто Уормбиердин өлүмү анын администрациясынын “бейкүнөө адамдар мыйзам үстөмдүгүн же жөн эле адамкерчиликти сактабаган режимдердин колунан майып болгон трагедияларды алдын алууга” чечкиндүүлүгүн күчөттү.
Уормбиердин ата-энеси болсо өз билдирүүсүндө алардын уулу Түндүк Кореяда адамды “кыйнаган катаал мамилеге” кабылганын белгилешти.
22 жаштагы америкалык студент Түндүк Кореяда 2016-жылдын январь айында кармалган. Кийин ошол эле жылдын март айында тыңчылык кылды деген айып менен он беш жылга күчөтүлгөн режимде эмгек лагери бар түрмөгө кесилген.
Отто Уормбиер бир саатка созулган сотто пропагандалык плакатты уурдоого аракеттенгенин моюнга алган эле.
Ал түрмөдөн 17 айдан кийин бошотулуп, өткөн аптада АКШга кома абалында жеткирилген.
Түндүк Корея тарап студент соттон кийин ботулизм менен ооруду деп маалымдаган. Бирок, америкалык дарыгерлер ал оор неврологиялык травмага кабылганын жана мунун себеби белгисиз экенин айтышты. Уормбиер Цинциннати шаарынын ооруканасында 19-июнда каза болгон. (UE)