Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

Башкы прокуратура президенттик шайлоого байланыштуу штаб уюштурду


Президентик шайлоого байланыштуу прокуратура органдарынын ишин уюштуруу боюнча штаб түзүлдү. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, штаб шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо учурундагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу иштери менен алектенет. Аны баш прокурордун орун басары жетектейт. Шайлоо процессине катышкандардын жана шайлоочулардын укуктары бузулган учурда прокуратура органдары мыйзамга ылайык чара көрөт. Ушундай эле штабдар аймактык бөлүмдөрдө дагы түзүлдү.

Быйылкы жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоодо мыйзамдын сакталышын Башкы прокуратура көзөмөлдөй турганын буга чейин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова да билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG