Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Европа соту Орусиянын “гей пропаганда” мыйзамына каршы чечим чыгарды


Адам укуктары боюнча Европа сотундагы олтурумдардын бири.
Адам укуктары боюнча Европа сотундагы олтурумдардын бири.

Адам укуктары боюнча Европа сотунун бүтүмү боюнча Орусиянын “гей пропаганда” деп мүнөздөлгөн мыйзамы ой-пикир билдирүү укугун бузат жана кумсаларга каршы дискриминациялык мүнөзгө ээ.

Муну менен Страсбургда жайгашкан сот орусиялык үч активист: Николай Баев, Алексей Киселев жана Николай Алексеевдин доо арызын колдоду.

Алар сотко мыйзам адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын жоболоруна каршы келерин айтып даттанышкан.

Европа сотунун билдирүүсүндө Орусия мыйзамынын максаты, жазылышы жана колдонулушу “дискриминациялык жана коомдун жүйөлүү кызыкчылыктары үчүн иштебейт, - деп көргөзүлөт.

Орусияда “салттуу эмес сексуалдык мамилелерди” жашы жете электер арасында жайылтууга тыюу салган федералдык мыйзам 2013-жылдын июнь айынан тарта күчүнө кирген.

Мыйзамды сынчылар гомосексуализм боюнча коомдук талкуулардын баарына тыюу салат деп айыптаса, бийликтер ал балдардын кызыкчылыгында жасалган иш экенин айтып келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG