“Бир бол” саясий партиясы президенттикке талапкер көрсөтүү же кайсы бир талапкерди колдоо боюнча кеңешүүлөрдү өткөрүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна курган маегинде Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, партия кайсы талапкерди алып чыгуу же кимди колдоо тууралуу бир чечимге ушул жуманын аягына чейин келет. Өзүнүн талапкерлиги тууралуу суроого Абдылдаев бул маселе да кеңешүүлөрдүн натыйжасында чечилерин кошумчалады.
Буга чейин коомдук-саясий чөйрөдө президенттикке талапкерлиги коюла тургандардын арасында Мыктыбек Абдылдаевдин да аты аталып жаткан.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Ал эми үгүт иштери 10-сентябрда башталат. Азырынча "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Боршайкомго арыз-документтерин тапшырышты.
“Ак шумкар” партиясы 19-июндагы курултайында лидери Темир Сариевдин талапкерлигин расмий көрсөткөн. КСДП азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду алып чыгарын айткан. Булардан сырткары Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жарышка аттанары маалымдалган. (КЕ)