Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Кыргыз-казак чек арасында Өзбекстандын алты жараны кармалды


Бүгүн “Чоң-Капка автожолу” өткөрмө бекетинде мамлекеттик чек ара эрежелерин бузганы үчүн Өзбекстандын алты жараны кармалды. Парспортторун текшерген учурда Кыргызстанга киргени тууралуу мөөр жок болуп чыкты. Ошондой эле алар Кыргызстандын аймагына кантип киришкенин түшүндүрүп бере алышкан эмес. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Ушул эле күнү чек арачылар аталган өткөрмө бекеттен башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын да кармашкан. Ал өзүнүн паспортун жоготуп, агасынын документи менен өткөнү жатканын айткан. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG