Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди камакта калтырган чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди. Бүгүнкү соттук отурумда жактоочулар Текебаевди президенттик жарышка катыша турган башка талапкерлер менен тең укукта болсун деген негизде баш коргоо чарасын өзгөртүүнү соттон өтүнүшкөн.
Адвокат Чынара Жакупбекова Текебаевдин Конституциялык укугу бузулуп жатканын белгилеп, шаардык сотко арыз жазышарын белгиледи.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу карап жатат.
Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу коррупцияга шектелип, февралдын этегинде абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Эки саясатчы тең коюлган айыптарды четке кагып келишет. (КЕ)