Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады. Муфтияттын басма сөз катчысы Максатбек Атабаевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, мындай чечим бүгүн аалымдардын жыйынында кабыл алынды.
- Азыр аалымдардын жыйыны өттү. Анда кошуна өлкөлөрдүн, Түркиянын тажрыйбасын эске алуу менен Кыргызстандагы Орозо айт 25-июнга белгиленди.
Буга чейин муфтият Орозо айт болжолдуу 26-июнга белгиленгенин айткан болчу. Быйыл Орозо айы 27-майдан тарта башталган.
Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, Орозо жана Курман айт эс алуу күндөрү.(КЕ)