Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Орусия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечти


Тиешелүү протоколго бүгүн Москвада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда кол коюлду. Маалыматка караганда, муну менен өлкөнүн Орусияга тышкы карызы жоюлат.

Жолугушууда Атамбаев жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, бир нече айдан кийин Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо өтөөрүн эске салды.

- Өз ишимдин алдын ала жыйынтыктарын чыгарып келип, эң башкы жетишкендигибиздин бири – Орусия менен мамилени туура нукта жүргүзгөнүбүз деп эсептейм. Стратегиялык мамилелердин, достуктун жана боордоштуктун нугунда.

Өз кезегинде Владимир Путин эки өлкөнүн кызматташуусу мындан ары да күчөйт деген ишенимин билдирип, Кыргызстанда туруксуздук мезгили артта калганын белгиледи.

Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегация беш күндүк мамлекеттик сапар менен Орусияга 19-июнда барган. (NT/AzK)

XS
SM
MD
LG