Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Кытайда беш тажик өлүм жазасына тартылбай калышы мүмкүн


Кытай полиция кызматкерлери абактагыларды алып бара жаткан учур. 2012-жылы тартылган сүрөт.
Кытай полиция кызматкерлери абактагыларды алып бара жаткан учур. 2012-жылы тартылган сүрөт.

Кытайда Тажикстандын беш жаранына берилген өлүм жазасы аткарылбай калышы мүмкүн. Бул тууралуу тажик өкмөтү билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, эки тарап соттолгон жарандарын бири-бирине өткөрүп берүүсүн караган келишим ратификацияланганы боюнча документтерди 19-июнда алмашты.

Бээжин менен Душанбе мындай келишимге 2014-жылы эле кол койгон жана ал ратификация боюнча документтер алмашылгандан 30 күндүн ичинде күчүнө кирүүсү керек. Демек эки өлкөнүн бул келишими быйыл 19-июлдан тарта иштей баштайт.

Кытайдын түрмөлөрүндө азыр Тажикстандын кеминде 15 жараны бар. Алардын бешөө өлүм жазасына кесилген.

Былтыр Кытайда Тажикстандын бир жараны өлүм жазасына тартылган. 51 жаштагы Насан Юсуфов маңзат аткезчилиги үчүн соттолгон. (UE)

XS
SM
MD
LG