Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:49

Порошенко Ак үйдө Трамп менен жолукту


Президенттер Порошенко жана Трамп. 20-июнь, 2017-жыл.
Президенттер Порошенко жана Трамп. 20-июнь, 2017-жыл.

Украин президенти Петро Порошенко АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдөгү 20-июндагы жолугушууда Кошмо Штаттарды Украинанын “ишенимдүү колдоочусу жана стратегиялык өнөктөшү” деп атоо менен өлкөсүнүн реформаларга дилгирлигин мактады.

Ал Украина “демократия жана эркиндик үчүн” чындап күрөшүп жатат деп белгиледи.

Украин президентинин АКШга азыркы сапарын расмий Киев алар үчүн утуш катары да мүнөздөдү.

Порошенко өзүнүн Вашингтондо Орусиянын президенти Владимир Путинден мурда Трамп менен жолугуп жатышын “өтө маанилүү” деп сыпаттаган.

Трамп менен Путин биринчи ирет 7-8-июлда Чоң жыйырманын Германиянын Гамбург шаарында өтө турган саммити учурунда кездешет деп күтүлүүдө.

Бирок АКШ администрациясы Ак үйдөгү жолугушууга чейин эле Порошенконун иш сапарынын маанисин украин тарапка караганда жупунураак мүнөздөдү.

Ак үй эки президенттин сүйлөшүүлөрүнөн кийин тараткан билдирүүдө тараптар “Украинанын чыгышындагы жаңжалды тынчтык жол менен чечүү усулун колдоору" баса белгиленип, Порошенконун реформалар боюнча күн тартиби, антикоррупциялык аракеттер жөнүндө талкуу жүргөнү айтылат.

Ак үйдөгү бүгүнкү сүйлөшүүлөр Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилердин ортосундагы атышуулардын ургалдуулугу кайра күчөгөн учурга да туш келди.

Порошенконун сапарына тушташ Кошмо Штаттар украин жикчилерине каршы жаңы санкция киргизди.

АКШнын каржы министрлиги Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилер менен байланышы бар деп шектелген отуздан ашуун адамга каршы жаңы санкцияларды 20-июнда жарыялады.

Чектөөгө кабылгандардын арасында өзүн-өзү эгемен жарыялаган Луганск жана Донецк “элдик республикаларынын” жикчил лидерлери, алардын кызматташтары, айрым жоочу төбөлдөр бар.

Маселен, санкция салынгандардын бири - Дмитрий Уткин расмий катталышы боюнча жеке агенттик болгон компаниянын ээси катары жикчилдер үчүн аскерлерди табуу иши менен алектенет деп болжолдонот.

Ошондой эле Кремлди тамак-аш менен камсыздаган орус ишкери Евгений Пригожинге байланышы бар компанияга да санкция киргизилди.

Бириккен Улуттар уюму 13-июнда жарыялаган жаңы баяндамада Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинен берки жаңжалда кеминде 10 090 адамдын, анын ичинде 2777 жайкын тургундун өмүрү кыйылганы маалымдалган. (UE)

XS
SM
MD
LG