Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Египет: «өтө коркунучтуу» он эки согушкер жок кылынды


Синай жарым аралындагы полиция бекеттеринин бирине кол салынган учур. 9-январь, 2017-жыл.
Синай жарым аралындагы полиция бекеттеринин бирине кол салынган учур. 9-январь, 2017-жыл.

Египет армиясынын 20-июнда билдиргенине караганда, «өтө коркунучтуу» он эки согушкер Синай жарым аралынын түндүгүндө «террорчулардын таянычына» жасалган аба соккулары учурунда жок кылынды.

«Ислам мамлекети» тобунун жергиликтүү бөлүмү «Ансар Беит ал-Макдис» уюмунун өкүлдөрү жыйналган жерге жасалган соккудан бир нече автоунаа да талкаланган.

Бирок Египет армиясы аба соккусу качан болгонун тактаган жок.

Эл аз жашаган Синай жарым аралында согушкерлердин козголоңу 2013-жылы Египеттин ошол кездеги исламчыл президенти Мухаммед Мурси армия тарабынан бийликтен кулатылгандан кийин күчөп кеткен эле.

«Ислам мамлекети» тобуна кошулганын 2014-жылы жарыялаган «Ансар Беит ал-Макдис» уюму жүздөгөн аскерлер менен полицейлерди, ага катар египеттик христиандарды өлтүргөнү үчүн айыпталган.

Египет армиясы аймактан ар жылы жүздөгөн согушкерлер жок кылынды деп ырастаганы менен жергиликтүүлөр бул санга жайкын тургундар арасындагы жоготуу да кирип кетерин айтышат. (UE)

XS
SM
MD
LG