Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Акыйкатчынын сот адилеттиги боюнча баяндамасы талкууланат


Бишкекте бүгүн акыйкатчы Кубат Оторбаевдин сот адилеттигине байланышкан баяндамасы боюнча коомдук угуу болот.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты. Маалыматка караганда, жыйынга Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, башкы прокурор Индира Жолдубаева, Соттор кеңешинин төрагасы, Адвокаттар бирлигинин жетекчиси, Жаза аткаруу кызматынын башчысы чакырылган.

Түштөн кийин акыйкатчынын Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада жаткандардын укуктары боюнча да талкуусу өтөт.

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык оорукананын мажбурлап дарылоо бөлүмүндө кылмыш кылган, соттук-медициналык экспертизанын тыянагы менен психикалык дарты бар деп табылгандар жатат. 2014-жылы Балыкчыда эки милиция кызматкерин атып качып, кийинчерээк Токтогул районундагы күч органдарынын атайын операциясында атып өлтүрүлгөндөрдүн бири Заур Магомедов аталган ооруканада дарыланып чыкканы анык болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG