Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:37

Тажик өкмөтү ажылык зыяратка 40 жаштан өткөн жарандар гана бара алат деген токтом кабыл алды.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети ажылык үчүн жашты чектөө чечими улгайган кишилердин зыяратка баруусуна шарт түзүүнү көздөйт деп ишендирүүдө. Аталган комитеттин маалыматына караганда, быйыл ажылыкка кезекке тургандардын саны кескин азайган.

Өкмөттүн чечими балдарынын жардамысыз сапарга чыга албай турган кары-картаңдардын Мекеге барышын чектеп жатканы айтылууда. Жүздөгөн улгайган адамдар ушул себептен улам ажылыктан баш тартууга аргасыз болушканы кабарланды. Ошол эле маалда кичи ажылык, умра үчүн мындай чектөө киргизилген эмес. ​

Былтыр Сауд Арабияга 6 миң тажикстандык зыяратчы барган. Тажикстан бийлигинин жыл сайын ажылыкка 8 миң квота алуу аракети натыйжа бере элек.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG