Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Орусияда Кыргызстандын маданият күндөрү ачылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү 20-июнда Кремлдин концерттик залында башталды. Аны маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков ачып, кыргызстандык өнөрпоздордун концерти менен коштолду.

Казаков бул иш-чара Кыргызстан менен Орусиянын маданий байланышын өнүктүрүүгө багытталганын билдирди. Ачылыш аземге Орусия президентинин атайын өкүлү жана орус маданият министринин орун басары да катышты.

Cалтанаттуу ачылышта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясынын, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын аткаруучулары, эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер жана башка ырчы-бийчилер өнөрлөрүн тартуулашты.

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргызстандык делегация беш күндүк мамлекеттик сапар менен Орусияда жүрөт. Анын жүрүшүндө Кыргызстандын маданиятын, кыргыз киносун даңазалаган иш-чаралар да белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG