Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 20-июндагы өкмөттүк жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин сынга алды. Мамлекеттик камсыздоо уюмунун башчысы Жумагүл Эгембердиева коопсуз жайлардан көчүрүлүп жаткандардын жаңы жерге турак жай тургуза албай жаткан себептерин түшүндүрүп, үйгө техникалык паспорт жана мамлекеттик акт алуу үчүн 13 600 сом талап кылынарын, мынчалык суммадагы акча көчүп жаткандарда жоктугун билдирди.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Күмүшбек Шамканов бул маселени өз көзөмөлүнө аларын айтып жаткан учурда өкмөт башчы анын сөзүн бөлдү:
- Мамкаттоонун кызматкерлери отуруп алып 10 миң сомдон алып жатышканы чектен чыккандык. Силер иштегендин ордуна бизнес кылып отурасыңар. Силер мен билгенди да билбейсиңер. Анда эмне отурасыңар бул жерде? Эмне үчүн катардагы кызматкерлериңиз сизге айтпай, өз билгенин жасашат? Силердин айыңардан мамлекеттик органдар жаман көрүнүп, өкмөт элдин ишеничинен чыгып жатат. Камагыла бардыгын! Бүгүн эле бардык бөлүмдөргө барып, ошол кишилерди таап, отургузгула бардыгын.
Өкмөт башчы Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысын муну иликтөө боюнча тез арада комиссия түзүп, үч күндөн кийин отчет берүүгө милдеттендирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 20-июнда Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюуга арналган жыйында Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду даярданбай келгени үчүн жыйындан чыгарып жиберген.