Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

АКШ Сирияда Иранда жасалган дронду атып түшүрдү


АКШнын F -15 үлгүсүндөгү учагы.
АКШнын F -15 үлгүсүндөгү учагы.

Окуя 20-июнь күнү Сириянын түштүк-чыгышында болду. Пентагондун билдиргенине караганда, АКШнын F -15 аскерий учагы Шахид 129 үлгүсүндөгү дронду ал коалициялык күчтөргө жакындап, душманчыл ниети билинген соң атып түшүрдү. Пентагондун өкүлү Жефф Дейвис ирандык дрондо курал болгонун да белгиледи.

Сириянын аба мейкиндигиндеги бул инциденттин алдында АКШ Ракка шаарына жакын жерде Сирия армиясынын аскерий учагын да атып түшүргөн эле.

Сирия учагына каршы мындай чара ал АКШ колдогон күчтөрдү бомбалагандан кийин көрүлгөнү айтылган. Орусия АКШнын аракетине нааразылык билдирген.

Сириянын алты жылдан берки жарандык согушунда Иран да, Орусия да президент Башар Асаддын күчтөрүнө колдоо көргөзүп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG