Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкы башкармалыгы Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Алар борбор калаада бир катар кылмыш иштерге катыштыгы бар деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, май айынын ортосунда белгисиз адамдар Бишкекте “Лексус” үлгүсүндөгү автоунааны уурдап кетишкен. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында машина уурдоого тиешеси бар делип мурда соттолгон үч киши кармалды. Алар уурдаган машинаны сатууга аракет кылышкан.
Маалыматка караганда, кармалган жарандар өткөн жылдын сентябрында Бишкекте ишкерди тоноого дагы шектелип жатышат. Анда белгисиз адамдар ишкерди муунтуп, жанындагы 12 миң долларын алып качышкан. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Үчөө тең убактылуу камоо жайына камалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)