Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

БШК Темир Сариевдин арызын кабыл алды


Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын курултайында. 19-июнь, 2017
Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын курултайында. 19-июнь, 2017

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке “Ак шумкар” партиясынан талапкер Темир Сариевдин арызын кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын мүчөсү Назарали Арипов кабарлады. Эми Сариев президенттикке талапкер катары 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун топтоп жана бир миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөшү керек.

Кыргызстанда президентик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Буга байланыштуу БШК 15-июндан тарта президенттикке ат салышууну каалаган жеке адамдарга жана саясий партиялар талапкерлерин сунуштоого расмий уруксат берген. Бул жараян 1-августка чейин улантылат. 10-сентябрга чейин талапкерлердин так тизмеси аныкталат.

Темир Сариев президенттикке талапкер катары БШКга арыз берген үчүнчү адам. Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Боршайкомго арыз-документтерин тапшырышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG