Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:34

Жалал-Абаддагы мунай ишканасы өзбек заводдору менен иштеше баштады


Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз петролеум компани” ишканасы Өзбекстандын Фергана мунайды кайра иштетүүчу заводу менен келишим түзүп, иштей баштады. Бул тууралуу аталган ишканадан “Азаттыкка” маалымдашты. Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлуп, май айында темир жол аркылуу 40 вагон мазут жөнөтүлгөн.

Ферганадагы завод кайра иштетүүдөн транспортко, трансформаторлорго керектелүүчү майларды жана асфальт менен битум чыгарат. Андан соң ал Кыргызстанга ташылып, рынокко сатылат. "Кыргыз петролеум компани" ишканасы учурда болгону мазут жана А-80 үлгүсүндөгү бензин гана иштетет. Мурдагы жылдары ишкана өндүргөн мазутун сата албай, кыйынчылык тарткан.

Эки өлкө ортосунда бажы төлөмдөрү боюнча да келишимге кол коюлган. Быйылкы жылы эки ишкана 50 миң тонна мазутту кайра иштетүүгө макулдашкан.

"Кыргыз петролеум компани" "Кыргызмунайгаз" ишканасына таандык.(RsK)

XS
SM
MD
LG