Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров төрагалык кылган “Мекенчил” партиясы алдыдагы президенттик шайлоодо Жапаровдун өзүнүн талапкерлигин көрсөтпөйт. Бул тууралуу партиянын активисттеринин бири Данияр Малабеков “Азаттыкка” билдирди:
- Камакта жаткан лидерибиз жакынкы күндөрү президенттикке аттанып жаткан кайсы бир талапкер менен биригип, аны колдоо боюнча билдирүү таратат. “Мекенчил” партиясы жана анын мүчөлөрү учурда лидерибиздин билдирүүсүн күтүп жатат.
Малабеков эгер бийлик Жапаровдун талапкерлигин койдурганга бут тоссо ал жана анын партиясы башка талапкерди колдорун кошумчалады.
Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасында кармалган.
Нааразы болгон тарапташтары ошол күнү УКМК алдында милиция менен тирешип, жүздөй киши кармалган. Алардын ичинен 12 адам эки айга соттолгон. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууганы бар.(RsK)