Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

Британ премьери парламентке Брексит боюнча мыйзамдар топтомун сунуш кылды


Каныша Елизавет II уулу, ханзаада Чарльз менен парламент сессиясынын ачылышында. 21-июнь, 2017-жыл.
Каныша Елизавет II уулу, ханзаада Чарльз менен парламент сессиясынын ачылышында. 21-июнь, 2017-жыл.

Расмий билдирүүгө караганда, ал мыйзамдар Британияны Евробиримдиктен “тартиптүү жана ырааттуу” чыгаруусу керек.

Премьер-министр Тереза Мейдин өкмөтүнүн мыйзамдар боюнча алдыдагы эки жылдык программасын парламентте 21-июндагы сөзүндө каныша Елизавет II жарыялады.

Канышанын сөзүндө айтылган 27 мыйзамдын сегизи Брексит жараянына тикелей тиешелүү.

Аларга ылайык, Британия шаркеттен чыккандан кийин Евробиримдиктин эрежелери британ мыйзамдарына айландырылат.

Лондон менен Брюссел Британиянын Евробиримдиктен кетүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү ушул аптада башташты.

Британия биримдиктен 2019-жылдын мартына чейин чыгуусу керек.

Мындай чечим 2016-жылдын июнундагы референдумда кабыл алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG