Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:13

"Азаттык" Мамлекеттик тил комиссиясынын “Алкыш барагын” алды


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Азаттык” радиосуна “Алкыш барагын” ыйгарды. Аталган мекеме мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн мындай сыйлык берүүнү чечкенин билдирди.

Мекеме жетекчиси Назаркул Ишекеев “Алкыш барагын” “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовго тапшырып, радионун маалымат айдыңындагы ордун белгиледи.

Сыйлык менен кошо “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн” эки томдугу тапшырылды. (NT)

XS
SM
MD
LG