Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:06

АКШ менен Кытайдын Түндүк Корея боюнча сүйлөшүүсү башталды


АКШ-Кытай сүйлөшүүлөрү. Вашингтон, 21-июнь, 2017-жыл.
АКШ-Кытай сүйлөшүүлөрү. Вашингтон, 21-июнь, 2017-жыл.

Сүйлөшүүлөргө АКШдан Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, коргоо министри Жеймс Мэттис, Кытай тараптан компартияда тышкы саясатты тейлеген Янг Цзечи, армиянын Башкы штабынын башчысы Фан Фэнхуэй катышууда.

Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасы жараткан коркунучтар - Вашингтондо 21-июнда башталган сүйлөшүүлөрдүн башкы маселеси.

Бул сүйлөшүүлөрдөн бир күн алдыда АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын Түндүк Кореяны өзөктүк программадан баш тартыруу аракеттери оңунан чыккан жок деп билдирген эле.

Вашингтон Пхеньянды түрмөдөн кома абалында бошотулган америкалык студенттин өлүмүнөн кийин сындоону күчөткөн. АКШ президенти Трамп 20-июнда Түндүк Корея бийлигин “мыкаачы режим” деп атаган.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, Вашингтондогу сүйлөшүүдө АКШ тарап Кытай менен Түндүк Корея коркунучун тынч жөнгө салуу боюнча жолду табуудагы кызматташтыкты алга жылдырууну көздөп жатат.

Пхеньян өзөктүк бомбасын акыркы ирет былтыр сентябрь айында сынаган. Ал эми баллистикалык жана башка ракеталарын андан бери утур-утур сынап келе жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG