Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:06

Орусия санкцияларга жооп иретинде АКШ менен сүйлөшүүнү токтотуп койду


Москва.
Москва.

Сүйлөшүү 23-июнда Санкт-Петербургда орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннондун ортосунда өтмөк.

Бирок орус тышкы иштер министрлигинин 21-июндагы маалыматына караганда, бул жолугушуу АКШнын Орусияга каршы жаңы санкцияларына жооп иретинде токтотулду. Рябков өзү кырдаал “диалог жүргүзүүгө көмөктөшпөй жатканын” белгиледи.

АКШ Мамлекеттик департаменти Орусиянын чечимине өкүнүч билдирди.

Тышкы саясий мекеменин өкүлү Хизер Нойерт “Орусия эки тараптуу мамиледеги тоскоолдуктарды талкуулоо мүмкүнчүлүгүнөн баш тартууну чечти, Москва санкциялардан арылууну көздөсө эмне жасоо керектигин “абдан жакшы билет” деп айтты.

АКШнын Каржы министрлиги 20-июнда жарыялаган жаңы санкцияларда 38 жеке адам жана компания бутага алынган. Бул санкциялар да Орусиянын Украинадагы аракеттерине байланыштуу киргизилди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун 21-июндагы сөздөрүнө караганда, АКШнын акыркы санкциялары конструктивдүү эмес, ага ыктымал жооп иретинде “түрдүү варианттар” каралууда.

Президенттер Дональд Трамп жана Владимир Путин келерки айда, Чоң жыйырманын Германиядагы саммитинде жолугушу мүмкүн деп күтүлгөнү менен АКШ -Орусия мамилеси чыңалган бойдон калууда.

Кремлдин өкүлү Песков эки президенттин кездешүүсү ыктымалдыгын, бирок ага даярдык көрүлө электигин белгиледи.

Вашинтон “келечектеги талкууларга ачыктыгын” 21-июнда Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт да билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG