Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:32

Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасын милиция кызматкерлери курчады


"Ак-Кеме" мейманканасы.
"Ак-Кеме" мейманканасы.

Бүгүн таң эрте милиция кызматкерлери "Ак-Кеме" мейманканасын курчап, анда иштеген бардык кызматкерлерди чыгарганы кабарланууда. Азыр 300дөй милиция кызматкери турганын мейманканадан "Азаттык" радиосуна билдиришти.

"Ак-Кемеге" милиция кызматкерлери барганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов да ырастады. Анын айтымында, милиция коомдук коопсуздукту сактоо үчүн жиберилди.

“Ак кеме” мейманканасын түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы түрк насыясына курган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган. Өкмөт өткөн айда аны өзүнө кайтаруу чечимин кабыл алган. Мейманкана жетекчилиги менчик ээси менен өкмөттүн ортосунда мүлктү тең бөлүү же болбосо айырманы төлөп берүү боюнча соттун чечими бар экенин айтып, бирок ага карабастан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мейманкананы өз карамагындагы ишканага өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын айтып чыккан.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы "Мүлк" ишканасынын жетекчиси Орозбек Нусубалиев бүгүн өкмөттүн токтому аткарылып жатканын, милиция ар кандай чатактардын алдын алуу максатында тартылганын билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG