Талкууда «Кант диабетинин алдын алууну күчөтүү» долбоору тууралуу сөз болот. Кыргызстандык диабетчилер жана эндокринологиялык оорулуулар бирлиги бир нече бейөкмөт уюмдар менен биргеликте уюштуруп жаткан иш-чарага парламент депутаттары, саламаттык сактоо кызматкерлери, эл аралык уюмдардан өкүлдөр чакырылган.
Расмий маалыматта, Кыргызстанда кант диабетинен 50 миңден ашуун киши жабыркайт. Анын 331и балдар. Бирок бул дартка чалдыкканынан кабары жок жүрө берип, медиктерге кеч кайрылгандар, оорусу өтүшүп кеткендер көп экенин дарыгерлер айтып келишет.
Республикалык эндокринология борборун ачуу маселеси көптөн бери айтылып келе жатат, бирок чечиле элек. (NT)