"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун сотуна экс-президент Роза Отунбаева келип, сүйлөдү. Отунбаева сотко кайрылып, адилеттүүлүктү талап кылды:
- Урматтуу сот, мен да ушул жерде президент болгом. Эки президентибиз качып жүрөт. Эмнеге менин сүйлөөгө акым жок? 12-13-май жөнүндө адвокат менден да сурады. Мен сизди сыйлап, сизге кайрылат элем. Сот адилеттүү болушу керек. Бул адилетсиз сот. Бул күндөр да өтөт. Сиз эки тарапты тең угуп, акыйкаттуу чечим чыгарыңыз.
Адвокаттардын айтуусунда, экс-президент Роза Отунбаева Текебаевдин иши боюнча күбө катары өтүүдө. Бүгүнкү соттук териштирүүдө экс-президент көрсөтмө берери күтүлүүдө.(ZKo)