Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Казакстан: ИМ тобунун желеги менен сүрөткө түшкөн сегиз киши соттолду


Террорчулукка айыпталгандардын соту. Батыш Казакстан облусу.
Террорчулукка айыпталгандардын соту. Батыш Казакстан облусу.

Батыш Казакстан облустук соту Жаңы-Калаа айылынын сегиз тургунун 21-июнда беш жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратты. Алар «террордук топ түзүү, анын ишмердүүлүгүнө катышуу», «террорчулукту пропагандалоо» жана «теракт даярдоо» беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

Тергөө материалдарына ылайык, 25-33 жаштагы бул адамдар араб тилинде «Аллахтан башка Кудай жок» деген жазуусу бар кара кездеменин фонунда сүрөткө түшүп, жергиликтүү милиция бөлүмүнө кол салууга даярдык көрүшкөн.

Соттун билдирүүсүндө соттолгондордун бирине өткөн жылкы Ак-Төбөдөгү куралдуу кол салуулар катуу таасир калтырганы, теракт пландап, топтун калган мүчөлөрүн тартканы жазылган. Желек көтөрүп «Аллах акбар!» деп кыйкырып, автоунаа менен айылды айланып жүрүшкөнү да белгиленген.

Муну менен алар «Ислам мамлекети» террордук уюмунун идеяларын колдой тургандыктарын көрсөтүшкөнү айтылат соттун өкүмүндө.

Соттолуучулар айыптоолорду четке кагышууда. Адвокаттар менен туугандары өкүмдүн үстүнөн жогорку инстанцияга даттанууга ниеттенип жатышат.

XS
SM
MD
LG