Ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун судьясы адвокаттардын күбөлөрдү суроо боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Ага ылайык, сотко 40тан ашуун күбө келип, көрсөтмө берет. Күбөлөрдүн ичинде экс-президент Роза Отунбаева да бар. Мурдараак судья Айбек уулу Эрнис сотко күбө катары азыркы президент Алмазбек Атамбаевди да чакыруу тууралуу өтүнүчтү четке каккан. Адвокаттар мамлекет башчысын күбө катары сотко чакырууну соттон дагы өтүнүштү. Азырынча сот бул маселени карай элек.
Бүгүнкү соттук териштирүүгө экс-президент Роза Отунбаева келип, соттон ишти адилет кароосун өтүнгөн.
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу коррупцияга айыпталып, быйыл февралда камалган. Алар өздөрү бул ишти "бийликтин саясий куугунтугу" деп белгилеп келишет.(ZKo)