Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

“Ак Кеме” мейманканасынын жетекчилиги эл аралык сотко кайрылат


"Ак Кеме" мейманканасы
"Ак Кеме" мейманканасы

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ак Кеме” мейманканасынын аткаруучу директору Белек Сарымсаков билдирди. Ал бүгүнкү мейманканын айланасындагы көрүнүштү мамлекет тарабынан басып алуучулук болуп жатат деп сыпаттап, мыйзамдар одоно бузулганын айтты.

“Жетекчиликтин мындан аркы кадамы Европа жана КМШнын сотторуна кайрылуу, биз өз укугубузду аягына чейин талашабыз”, – деди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бүгүн 22-июнда таңкы саат алтыда, милиция кызматкерлеринин коштоосунда “Ак Кеме” меймананасын курчоого алып, ал жактан мейманкана кызматкерлерин, кардарлары менен кошо мекеменин сыртына чыгарган. Мейманканы курчоого алууда коопсуздук сактоо үчүн 300 милиция тартылганын ИИМдин Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов “Азаттыкка” ырастады.

“Ак Кеме” мейманканасынын Каржы министрлигине карызы 452 млн сомго жеткендиктен, 2012-жылы Бишкектин райондор аралык соту мейманкананы министрликке өткөрүү тууралуу чечим чыгарган.

Ушул жылдын февраль айында өкмөт “Ак Кеме” мейманканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берген. Март айында Мүлк фонду мейманкананы “Мүлк” мамлекеттик ишканасынын балансына алуу тууралуу чечим чыгарып, андан бери беш жолу имаратты бошотуу боюнча мейманкананын жетекчилигине кат жөнөткөн.

“Ак Кеме” мейманканасынын аткаруучу директору Белек Сарымсаков, акционерлер мейманкананын курулушуна жана өнүгүшүнө 405 млн сом салым кошконун, имараттын жалпы баасы 860 млн сом деп бааланганын айтып, Каржы министрлиги акционерлердин салымын төлөп беришин талап кылып келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG