"Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов 21-июнда кароого жетишпей калган маселени - БШК төрайымынын маалыматын бүгүн угууну спикерге сунуштады. Ал күзүндө президенттик шайлоо болорун белгилеп, Нуржан Шайлдабековага берилүүчү суроолор көп экенин айтты. Ага жооп кылган спикер Чыныбай Турсунбеков Боршайкомдун төрайымы кечээ парламентте күтүп отурганын айтып, отурумдун аягына чейин күтпөй кетип калган депутаттардын өздөрүн айыптады. Төраганын маалыматы боюнча, шайлоого даярдык көрүлүп жаткан учурда убакыттын тардыгын себеп кылып, Боршайком төрайымы кайра-кайра чакыра бербөөнү өтүнгөн.
"Ата Мекен" фракциясынын дагы бир мүчөсү Аида Салянова спикерге каяша кылып, 21-июнда отурумда аягына чейин отурганын, бирок БШК төрайымынын маалыматын угуу маселеси каралбаганын айтты.
Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда болот. Буга чейин шайлоого катышуу максаты менен үч талапкер БШКга документтерин өткөргөн."Лига антикризис" борборунун башчысы Назарбек Нышанов, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыкса, ал эми "Ак шумкар" саясий партиясы лидери Темир Сариевди президенттикке талапкер кылып көрсөткөн.(ZKo)