Башкы прокуратуранын азыркы имаратынын курулушу боюнча, кылмыш кодексинин 221-беренеси коммерциялык жана башка уюмдардын укуктарынан аша чабуу жана 308-беренеси бюджеттик каражатты мыйзамсыз колдонуу деген айып менен кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, 2011-жылы 6-июлда Башкы прокуратура менен "Гарант проект" жеке ишканасы имараттын долбоорун иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюшкан. Натыйжада Башкы прокуратуранын имарат курулушу 236 млн сом деп бааланган. Эсеп палатасы текшерүү учурунда долбоор-сметалык документтерди түзүүдө "Гарант проект" ишканасы маалымдаган суммадан 93 млн 625 миң 300 сомго ашыкча каражат сарптаганын аныктаган. Текшерүү учурунда ошондой эле Башкы прокуратура тарабынан "түрдүү курулуш иштери үчүн" деген максатта 9 млн сом мыйзамсыз колдонулганы такталган.
20-июнь күнү бул иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгына иликтөөгө тапшырылды. Учурда мамлекетке келтирилген чыгымдын өлчөмүн жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.(ZKo)