Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:11

Турар Кожомбердиевдин айкели туулган айылына орнотулду


22-июнь күнү эстеликтин ачылышы болуп, ага акындын калемдештери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыр күйөрмандары жана жакындары катышты. Акындын айкели анын атын алып жүргөн Сары-Булак орто мектебинин алдына коюлду. Акындын тулку бою түшүрүлгөн айкелди скульпторлор Илмир Ешмухамедов жана Бакыт Асанов жасаган.

Айкел жеке демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, 400 миң сом сарпталган.

Акын 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" аттуу балдар үчүн жазган китеби менен кыргыз адабиятына кирген.
Андан кийин "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" сыяктуу бир нече ыр жыйнактары менен окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Акындын 70тен ашуун ырларына обон жазылган.

Турар Кожомбердиев Сары-Булак айылында 1941-жылы төрөлүп, 1989-жылы 48 жашында каза болгон.(ZA)

XS
SM
MD
LG