Европа Биримдигинин лидерлери бүгүн Брюсселде эки күндүк саммитке чогулуп жатышат. Жыйында Британиянын уюмдан чыгуу маселеси үстөмдүк кылат деп күтүлүүдө.
22-июнда британ премьер-министри Тереза Мэй уюмдун калган 27 лидерине Евробиримдик жарандарынын Британияда жашоо жана иштөө укугу тууралуу долбоорун сунуштаганы турат.
Евробиримдик менен Британиянын Брексит боюнча сүйлөшүүлөрү бул аптада башталган. Өлкө 2019-жылдын март айына чейин уюмдан чыгышы керек.