Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Ооганстандагы жардыруу кеминде 20 адамдын өмүрүн алды


Гильменд провинциясы
Гильменд провинциясы

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында машине жарылып, андан кеминде 20 адам мерт болду. Провинция губернаторунун басма сөз өкүлү Омар Зуак кабарлагандай, 22-июнда Лашкаргах шаарында болгон жардыруудан 50дөн ашуун киши жараат алды.

Кол салуунун курмандыктарынын арасында жөн-жай тургундар, коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү жана банк кызматкерлери бар. Автоунаа полиция кызматкерлери жана аскерлер айлыктарын алуу үчүн жергиликтүү банкка келген маалда жарылган.

Провинциянын айрым расмий өкүлдөрү жардыруудан кийин атышуу да болгонун кабарлашты.

Бул чабуулга эч бир тарап жоопкерчиликти ала элек. Бирок бул өлкөдө талиптер жана "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму банкттарды жана коопсуздук күчтөрүн байма-бай бутага алып келет. Талиптер Гилменд провинциясынын 80 пайызын көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG