Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Германия аскер күчтөрүн Түркиядагы базадан чыгарат


Инжирлик аба базасы
Инжирлик аба базасы

Германиянын парламентинин төмөнкү палатасы немис күчтөрүн Түркиянын түштүк-чыгышындагы Инжирлик базасынан чыгаруу чечимин колдоду. Буга НАТОго мүчө эки мамлекеттин ортосундагы пикир келишпестиктер себеп болду.

21-июнда кечке жуук өткөн добуш берүүдө депутаттардын басымдуу бөлүгү Германиянын алты "Торнадо" учагын, бир май куюучу учакты жана 270 аскерди Иорданиянын Азрак базасына которуу тууралуу Коргоо министрлигинин чечимин жактырышты.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы операцияларга кол кабыш кылып келген бул күчтөр октябрь айында толугу менен кайра кызматка киришет. Анкара немис депутаттарына Инжирликтеги базага кирүүгө уруксат бербей койгондон кийин Германиянын Коргоо министрлиги аскердик күчтөрдү чыгарып кетүүнү чечкен.

Соңку айларда расмий Берлин менен Анкаранын алакасы солгундап кетти. Буга немис бийлигинин референдум алдында үгүт жүргүзүүнү көздөгөн түрк министрлерин Германияга киргизбей койгону, Түркиянын эки немис журналистти абакка кескени да себепчи болду.

XS
SM
MD
LG