Бириккен Улуттар Уюмунун Кабулдагы миссиясы Ооганстанда кырдаал кооптонуу жаратып жатканын жаңы баяндамасында билдирди.
Уюм 1-марттан 31-майга чейин коопсуздукка байланыштуу 6252 окуяны каттаган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда эки пайызга көптүк кылат. Өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарында кол салуулар былтыркыга караганда 22 пайызга көбөйгөн.
БУУнун Ооганстандагы атайын чабарманы Тадамичи Ямамото соңку кандуу чабуулдар өлкөдөгү коопсуздук маселеси курч экенин көрсөткөнүн айтты.
Бейшемби күнү эле Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында машине жарылып, андан кеминде отузга чукул адам мерт болду.