Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

Текебаевдин соту 27-июнда уланат


0
0

Бүгүнкү соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоо Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши менен кыргыз жана орус тилдеринде тааныштырышты. Мындан тышкары сот адвокаттардын бул иш боюнча азыркы президент Алмазбек Атамбаев күбө катары суралсын деген өтүнүчүн канааттандырган жок.

Соттук териштирүүдө күбө катары өтүп жаткан экс-президент Роза Отунбаева көрсөтмө берүү үчүн зарыл учурда чакырылары маалымдалды.

Бүгүнкү соттук териштирүүгө экс-президент Роза Отунбаева келип, соттон ишти адилет кароону өтүнгөн.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" компаниясына байланыштуу коррупцияга айыпталып, быйыл февралда камалган. Алар өздөрү бул ишти "бийликтин саясий куугунтугу" деп белгилеп келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG