Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Өзбекстанда түрк банкы ачылат


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жана түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жана түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган.

Өзбекстанда бир ай ичинде Түркиянын мамлекеттик "Зираат" (Ziraat Bank) банкынын филиалы ачылганы турат. Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-өндүрүш палатасынын 20-июндагы кезексиз жыйынында премьер-министр Абдулла Арипов билдирди. Анын айтымында, түрк өкмөтү Ташкентте банк ачуу менен бирге Өзбекстандагы чакан бизнести өнүктүрүү үчүн 500 миллион доллар бөлгөнү турат.

Буга чейин бийликке жакын Podrobno.uz интернет басылмасы түрк банкы кийинки жылы иштей баштарын жазып чыккан. "Зираат" банкы - Түркиядагы эң ири банктардын бири. 1863-жылы ачылган бул банк дүйнөнүн 18 өлкөсүндө иш алып барат.

Жети жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткен түркиялык "Демир Холдинг" компаниясы да жакында Өзбекстанда өз ишин жандандырышы мүмкүндүгү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG