Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Дума аткаминерлердин жеке маалыматын коргоону чечти


Премьер-министр Дмитрий Медведев
Премьер-министр Дмитрий Медведев

Орусиянын Мамлекетик Думасы жогорку расмий адамдардын жеке маалыматын жашыруун сактоого мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун жактырды.

Ага ылайык, эгер Федералдык коргоо кызматы керектүү деп тапса, аткаминерлердин кыймылсыз мүлкү, банк эсептери сыяктуу жеке маалыматтарынын купуялуулугуна кепилдик берилет.

Тизмеге жогорку жетекчилер менен катар аймактык губернаторлор, мамлекеттик компаниялардын жетекчилери жана алардын үй-бүлөлөрү да кирет.

Бул мыйзам долбоору парламенттин жогорку палатасынын кароосунан өткөндөн кийин президент Владимир Путинге кол коюуга жөнөтүлөт.

Орусияда оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин байлыгы тууралуу иликтөөсү бир катар нааразылык акцияларына себеп болгон.

XS
SM
MD
LG