Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:08

Кыргызстан менен Башкырстандын товар жүгүртүүcү 30 млн доллар болду


Президент Алмазбек Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегация Орусиядагы беш күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында Москвадан Уфага бүгүн барды.
Президент Алмазбек Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегация Орусиядагы беш күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында Москвадан Уфага бүгүн барды.

Кыргызстан менен Башкырстандын ортосундагы тышкы товар жүгүртүү 2016-жылы 30,7 миллион долларды түздү. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, экспорт 29 миллион доллар, импорт 1,7 миллион доллар болгон. Кыргызстан Башкырстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө 31-орунда турат.

2017-жылдын янврь-апрель айларында тараптар ортосунда өз ара товар алмашуу былтыркы жылга салыштырмалуу үч эсеге жогорулаган. 2016-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 70 пайызга өскөн. Башинком ишканасы 2015-жылдан бери Кыргызстанга биологиялык каражаттарды, органикалык жер семирткичтерди алып келүүдө.

Быйыл жыл башында Башкырстандын аймагында Кыргызстандын катышуусу менен беш ишкана катталган.

Президент Алмазбек Атамбаев жетектеген кыргызстандык делегация Орусиядагы беш күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында Москвадан Уфага бүгүн барды. Ал жерде президентти аккордеон тартышып, ыр жана улуттук даам, чак-чак менен тосуп алышты.

Бүгүн Алмазбек Атамбаев Башкырстандын башчысы Рустэм Хамитов менен жолугушат.​

Уфадан кийин президент Алмазбек Атамбаев Казанга барып, Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушмакчы.

Мамлекет башчынын Орусияга сапары 19-июнда башталган.​ Башкырстан менен Татарстан Орусиянын курамындагы республикалар. (AzK/NT)

XS
SM
MD
LG