Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Бишкек шаардык соту экс-депутат Садыр Жапаровду камакта калтырды


Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун билдиришинче, ишти Бишкек шаардык соту 21-июнда карады. Адвокат соттук териштирүүгө катыша албай турганын расмий эскерткенине карабай, сот Жапаровго нөөмөттөгү актоочуну берип, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган. Токтосунов муну менен мыйзам бузулганын айтууда:

- Ошол учурда Биринчи Май райондук сотунда адам өлтүрүү фактысы боюнча башка сотко катышып жаткандыгым тууралуу маалымдаманы тиркеп, бир күн мурун, 20-июнда сотко тапшырганыма карабай, териштирүү уланды. Нөөмөтчү адвокатты катыштырып, беш томдон турган кылмыш иши менен таанышпай эле карап Садыр Жапаровду камакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук сотунун токтому күчүндө калды. Муну мыйзамды көзгө илбөө, өзүмбилемдик деп эсептейм.

Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган.

Биринчи май райондук соту ал кармалгандан кийин тергөө бүткөнгө чейин камакка алынсын деген чечим чыгарган болчу.

24-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы аныкталып, 28-майга чейин №1 тергөө абагында камакта калган. Саясатчынын адвокаттары буга макул болбой аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна доо арыз беришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG