Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Иран Иракка газ экспорттой баштады


Иран бир нече жылдык кечигүүдөн кийин коңшу Иракка газ экспорттой баштады. Бул тууралуу Ирандын жарым расмий "Фарс" агенттиги 22-июнда кабарлады.

Эки өлкө 2013-жылы көгүлтүр от боюнча келишимге жетишкен. Бирок бул келишимдин аткарылышы Ирактагы коопсуздук маселелеринен улам кийинкиге жылдырылып келген.

Cоңку айларда Ирактын аскердик күчтөрү газ куурлары жайгашкан аймактарды жоочулардан бошотуп, газдын экспортуна жол ачылды.

IRNA жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, эки өлкөнүн ортосундагы газ куурларынан бара-бара күнүнө 7 миллиарддан 35 миллиард куб метрге чейин көгүлтүр от өтүп турмакчы.

XS
SM
MD
LG