Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Кыйноолорго каршы күрөштү күчөтүү маселеси талкууланат


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектеги “Кыргызстанда кыйноолорго жана жазасыз калууларга каршы күрөш” деп аталган эл аралык жыйында кыйноолордун алдын алуу, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тууралуу сөз болот. Ага адам жана балдар укуктары боюнча БУУнун өкүлдөрү, эл аралык эксперттер чакырылган. Ошондой эле Кыргызстандын укук коргоо органдары, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Иш-чараны Акыйкатчы институту, Ички иштер министрлиги жана Түрмө реформасы эл аралык уюму (Penal Reform International) биргеликте уюштурууда.

Бүгүн Башкы прокуратура Европа Биримдиги менен чогуу Ош шаарында да кыйноолорго каршы күрөштү талкуулайт. 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор 19-июндан 28-июнга чейин «Кыйноолорго каршы аракеттерди бириктирүү» деп аталган кампаниянын алкагында алты дубанда «Ачык эшиктер күнүн» өткөрүүдө.

Өткөн жылы Улуттук борбор кыйноолор жөнүндө 132 учурду каттап, прокуратура тогуз кылмыш ишин козгогон. (NT)

XS
SM
MD
LG