Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50

“Ак-Кемеде” кеңсе ижарага алгандар өз ордунда иштеп жатат


Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-июнда эртең менен “Ак-Кеме” мейманканасын мамлекетке өткөрүү аракети маалда кысым көрсөтүүлөр болгон жок. Отелдин беш күзөтчүсүнө ишке тоскоолдук кылбоо тууралуу эскертүү берилген. Ал кезде мейманканада убактылуу жашаган 11 конок болгону аныкталып, бирок кечке жуук алардын бешөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу чыгып кеткен. Мейманканада ижарага кеңсе алган басылмалар өткөрүү, каттоо иштери аяктагандан кийин кадимки тартипте иштей баштаганы айтылат аталган мекеменин маалыматында. Буга чейин “Ак-Кеме” мейманканасын мамлекетке өткөрүү маалында ал жерде жайгашкан кеңселердин кызматкерлери милиция ишке кедерги тийгизгенин кабарлашкан.

Мамлекеттик мүлк башкармалыгы "Ак-Кемени" 22-июнда өзүнө өткөрүп алды. Мейманкана жетекчилиги муну "рейдерлик басып алуу" катары мүнөздөп, эл аралык сотко кайрыла турган болууда.

“Ак кеме” мейманканасын түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы мамлекет алган түрк насыясына курган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган. Өкмөт өткөн айда аны өзүнө кайтаруу чечимин кабыл алган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG