Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Кыргыз аскерлерин Сирияга жиберүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын Мамдумасынын коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов Сирияга мониторинг үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиргенин орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Шамановдун айтымында, Кыргызстан жана Казакстан расмийлери менен бул маселе талкууланып жатат, акыркы чечим кабыл алына элек. Ал Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Орусия, Иран, Түркия өз ара меморандумга кол коюшканын эске салды. Буга чейин орус президентинин атайын өкүлү Александр Лаврентьев да Сирияга Орусиядан башка мамлекеттердин жоокерлери кириши мүмкүндүгүн айтса, түркиялык Hurriyet басылмасы 22-июнда ​Түркия президентинин өкүлү Ибрагим Калындын Орусия аталган эки өлкөгө Сирияга аскер киргизүү өтүнүчүн жиберди деген билдирүүсүн жарыялаган.

Расмий Анкара Түркия, Орусия жана Иран Сириядагы "деэскалация жөнүндөгү келишимдин" механизмдерин иштеп жатканын маалымдаган. ​

​Кыргызстандын бийлиги Сирияга аскер жөнөтүү сунушун ырастай элек. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы мындан кабары жоктугун, Тышкы иштер министрлиги маалымат такталып жатканын билдирди. ​ (NT)

XS
SM
MD
LG